Коом

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2026-жылдын алгачкы алты айында 56,5 миң адамга (0,8 пайызга) көбөйүп, 1-июлга карата 7 миллион 461 миңге жетти. Демографиялык өсүштүн негизин табигый өсүш түзөт — 50,3 миң. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2026-жылдын январь-июнь айларында Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 66 миң 272 жаңы төрөлгөн ымыркай катталды, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 0,6 пайызга көп (өткөн жылы 64 миң 993 адам болгон).

Жарым жыл ичинде республикада 15 миң 968 адам каза болду, бул 2025-жылдын көрсөткүчүнөн аз. Натыйжада калктын табигый өсүшү 50 миң 304 адамга жетти.

Калктын 1 миң адамына эсептегенде табигый өсүштүн эң жогорку деңгээли Баткен (18,2), Ош (16,8) жана Жалал-Абад (16,1) облустарында катталды.Эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарына (7,6) туура келди.

Калктын өсүү темпи боюнча Бишкек жана Ош шаарлары алдыда — алардын жашоочуларынын саны 1,1 пайызга көбөйүп, тиешелүүлүгүнө жараша 1 миллион 373 миң жана 490,3 миң адамды түздү.

Тектеш кабарлар

Back to top button