Коом

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча 4 уюм Садыр Жапаровго кайрылып ак илбриске улуттук жаныбар макамын ыйгарууну өтүндү

Алар ак илбирс Кыргызстандын табигый жана маданий мурасынын алмаштырылгыс символу катары тоо экосистемаларынын туруктуу өнүгүүсүнүн индиктатору экенин белгилеген. 

“Бул жаныбар кыргыз фольклорунун жана салтынын ажырагыс бөлүгү, сырдуу тоолорубуздун күчүнүн символу. Ак илбирсти улуттук жаныбар деп жарыялоо менен мурасыбызды барктап, мунун айланасында улутту бириктиребиз”, — деп жазды демилгечилер. 

Кайрылуу катында Индиянын (бенгал жолборсу), АКШнын (Акбаш бүркүт) жана Кытайдын (панда) улуттук жаныбарларын мисал келтиришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button