Коом

Үрөй учурган окуя. 34 жаштагы киши мурдагы аялына 7-8 жолу бычак сайган

Келин реанимацияга түшүп, бактыга жараша, аман калган. Окуя быйыл май айында Оштун Кара-Суу районунда болгон. Түгөйлөр 3 жыл мурун ажырашкан, ортосунда 4 баласы бар. 

«Үч жылдан бери жездебиз тынчтык берчү эмес. 3-майда үйүнө келип, эжебизди өлтүрүш үчүн балдарынын көзүнчө уктап жаткан жеринен бычактап кеткен. Өз убагында тез жардам келип эжем аман калды», — деди аялдын сиңдиси. 

Милиция келиндин мурдагы күйөөсүн кармап, адам өмүрүнө кол салууга айыптаган.  

Жакында эле Кара-Суу райондук соту айыпталуучу аффект абалында болгон деп 2 жыл 3 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Мындан сырткары, жабырлануучуну материалдык жана моралдык чыгым үчүн 210 миң сом төлөөгө милдеттендирген. 

Келиндин туугандары жеңил жаза берилип калды деп коомчулуктан жардам суроодо.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button