Коом

Кара-Балтада жубайы менен урушкан жигит темир жолго жатып алган

Кечээ, 23-октябрда социалдык тармактарда жигиттин поезддин жолуна жатып алганы, машинист токтотууга үлгүргөнү айтылган видео тараган. Видеодо айтылгандай, окуядан улам унаа тыгыны жаралган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден маалымат берди.

Маалыматка караганда, 23-октябрда Жайыл РИИБге саат 09:30 чамасында «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирүү түшкөн. Анда Кара-Балтадагы Кожомбердиев көчөсүндө жүк ташыган поезд токтотууга мажбур болгону айтылган. Анда жигит темир жолго чыгып, берилген белгиге реакция кылган эмес. Териштирүүнүн журүшүндө 2001-жылы туулган жаран жубайы менен уруша кеткени аныкталган. Ал жубайын коркутуп, өз жанын кыймакчы болгон. Темир жолго чыгып, туруп алган. Поезд токтогон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгарылат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button