Коом

Кыргызстанда мыйзамсыз иш алып барган миңден ашык мечит жана медресе аныкталды

Кыргызстанда мыйзамсыз иш алып барган миңден ашык мечит жана медресе аныкталды. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов билдирди.

Ал белгилегендей, жогоруда айтылган мечиттердин көбү санитардык нормаларга жооп бербейт.

«120сын каттоого такыр мүмкүн эмес. Бул боюнча жергиликтүү бийлик менен чечим кабыл алуу зарыл», — деди ал.

Юсупов Кыргызстанда Дин комиссиясынын каттоосунан өткөн 4 330 диний мекеме бар экенин кошумчалады. Анын ичинде ислам багытында 3 933, христиан багында 397 диний мекеме бар.

Учурда «Дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде колдоо тапты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button