Пайдалуу кеңештер

Идеалдуу таңкы тамак кандай болушу керек

Дарыгер-диетолог, терапевт жана нефролог Регина Ахуньянова идеалдуу эртең мененки тамактын формуласын айтып берди.

Дарыгердин айтымында, эртең мененки тамакты сезгенүүгө каршы рацион принциби боюнча түзүү керек. Ал белокко жана клетчаткага бай азыктарды камтышы зарыл.

Ахуньянованын айтымында, идеалдуу эртең мененки тамак төмөнкүлөрдөн турушу керек:

каалаган белок булагы;

250–300 грамм жашылча;

бир кесим дан унунан жасалган нан.

Таттуу жегиси келгендерге дарыгер 1–2 даана курма (финик) жөөнү сунуштады.

Анын айтымында, мындай тамактануу узак убакытка чейин токчулук сезимин камсыздап, таттууга болгон каалоону азайтат, табитти көзөмөлдөөгө жардам берет жана кечинде ашыкча тамактануунун алдын алат.

Ошондой эле дарыгер мындай рацион арыктоого да, жалпы ден соолукту сактоого да пайдалуу экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button