Саясат

Президент Садыр Жапаров «Индия — Борбор Азия» саммитине катышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Индия — Борбор Азия» диалогунун алкагында уюштурулган видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара 27-январда өтөт.

«Саммиттин жүрүшүндө саясий өз ара кызматташууну жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбор Азия менен Индия мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Саммитке Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери — Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Гурбангулы Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев катышат.

2022-жылы Индия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толору белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button