Коом
Күн ачык болот. 3-ноябрга карата аба-ырайы
Жума күнү күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13…+18, Талас жергесинде +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көл менен Нарында +10…+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16…+18, Ошто +19…+21 градуска жетет.



