Балдарга кооптуу товар саткандарга айып салуу сунушталды

Кыргызстанда мектептердин, бала бакчалардын жана аларга чектеш аймактарда 14 жашка чыга элек балдарга арналган кооптуу же талапка жооп бербеген товарларды саткандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган, шайкештик сертификаттары же маркалоо белгилери жок товарларды саткандарга жоопкерчилик киргизилет:
жеке жактарга — 20 миң сом;
юридикалык жактарга — 65 миң сом айып каралган.
Мындай товарлардын кооптуулугу аныкталган учурда алар сатуудан толугу менен чыгарылып, жок кылынат.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде сапаты талапка жооп бербеген оюнчуктар, окуу жана кеңсе буюмдары, тамак-аш продукциялары балдардын уулануусуна, оор аллергияга, жаракат алуусуна жана башка ден соолук көйгөйлөрүнө алып келиши ыктымал экени белгиленген.



