«Яндекстин» Калугадагы маалымат борборуна дрондор менен сокку урулду

Бүгүн, 9-октябрда, «Яндекс» компаниясы Калуга шаарындагы маалымат борборуна учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урулганын билдирди. Бул акыркы эки сутканын ичинде компаниянын чабуулга кабылган экинчи ири объектиси. Бул тууралуу «Медуза» басылмасы жазды.
«Яндекстин» билдирүүсүндө маалымат борборунун бир нече модулу толугу менен иштен чыкканы айтылат. Буга байланыштуу компаниянын айрым кызматтары үзгүлтүк менен иштеши мүмкүн. Компания келтирилген зыяндын толук көлөмү азырынча аныктала электигин белгиледи.
Буга чейин Калуга облусунун башчысы Владислав Шапша украиналык дрондор облустун борборуна жана бир нече муниципалдык округга сокку урганын билдирген.
Анын айтымында, Калуга шаарында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн дрондор менен жасаган чабуулунан тогуз адам жабыркаган. Аймактын жетекчиси кайсы объектилер бутага алынганын тактаган эмес.
Бул акыркы эки күндүн ичинде «Яндекс» компаниясына жасалган экинчи чабуул.8-октябрга караган түнү украин аскерлери Рязань облусунун Сасово шаарындагы «Яндекстин» маалымат борборуна дрондор менен сокку урган. Натыйжада өрт чыккан. Адамдар жабыркаган эмес, бирок маалымат борборунун иши убактылуу токтотулган.
«Яндекстин» айрым кызматтарында жана Сасоводогу инфраструктурасын пайдаланган компаниялардын ресурстарында үзгүлтүктөр пайда болгон. Атап айтканда, Россия темир жолдору («РЖД»), «Мегафон» жана бир катар орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын сайттарына кирүүдө көйгөйлөр жаралган.
Бул жагдайга Украинанын президенти Владимир Зеленский да комментарий берген.
Анын айтымында, Украина Орусиянын соккуларына, анын ичинде маалымат борборлоруна жасалган чабуулдарга жооп иретинде ушундай эле чараларды көрүүдө.
«Маалымат борборлору тууралуу баарыңыздар билесиздер. Алар биздин маалымат борборлорубузга сокку уруп келишкен жана дагы деле уруп жатышат. Биз аларга жооп бердик. Бардык чоо-жайын айта албайм», — деген Зеленский.



