Коом

Чүй облусунда 10 миң баш малга эсептелген ири эт кластери түзүлөт

«Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгы алдында өтүп, анда фермерлерди колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо маселелери талкууланды.

Кеңеш түштүк аймактарга 10 миң тонна минералдык жер семирткичти социалдык багыттагы баалар менен жеткирүү боюнча пилоттук долбоорду жактырды. Анын жалпы наркы 394,3 млн сомду түзөт.

Ошондой эле Чүй облусунда эт кластерин түзүү долбоору колдоого алынды. Анын алкагында 2027-жылы 10 миң баш малды бордоп семиртүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button