Нурдан Орунтаев кызматын алмаштыруу тууралуу ушактарды четке какты

Курулуш министри кызматын алмаштыруу тууралуу ушактарды четке кактыКурулуш министри Нурдан Орунтаев кызматын алмаштырат деген маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ага жаңы кызмат сунушталган эмес.
«Мындай маалыматты ким таратып жатканын билбейм. Менде андай ой да жок. Бүгүнкү күндө мен министрлер кабинетиндеги эң жаш министрмин. Мага ушул тармакта иштөөгө мүмкүнчүлүк берилгенине Кудайга жана президентке ыраазымын», — деп кошумчалады Нурдан Орунтаев.
Ал өзүнө ишеним көрсөтүлүп турган убакытка чейин иштей берерин белгиледи.
«Кет дегиле дешсе, кетебиз», — деди Нурдан Орунтаев.
Эске салсак, буга чейин коомчулукта кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган. Алардын арасында Нурдан Орунтаевдин да аты аталган.



