
Бүгүн, эртең Өзбекстанда Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын 16-саммити өтөт.
Ташкентте жети президент менен эки премьер экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түптөө менен экономикалык мамилелерди интеграциялоону талкуулашат.
Президент менен кошо жубайы Айгүл Жапарова балдарга арналып уюштурулган форумга катышуу үчүн кеткени маалымдалды.
Андан сырткары президентти Билим берүү, маданият, тышкы иштер, транспорт министрлери, эки элчи жана бир катар ведомстволордун жетекчилери коштоп кеткенин айтышты.
@abal-kg



