Коом
Бишкекте эки автобус сүзүштү. Жабыркагандар жок

Бишкекте бүгүн эртең менен саат 08.20лар чамасында Ахунбаев жана 7-Апрель (мурдагы Алма-Ата) көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, жүргүнчүлөрдү ташыган эки автобус кагылышкан. №49 автобустун айдоочусу рулга ээ боло албай калып, алдыда жүргүнчүлөрдү салып жаткан №145 автобусту сүзгөн.
Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, каза болгон жана жабыркагандар жок, жүргүнчүлөр автобустан түшүүгө аргасыз болушкан.



