Коом
Тоолуу райондордо кар жаайт. 10-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Талас облусунда +8…+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көлдө +3…+8, Нарын облусунда +1…+6 градус жылуу болот. Ал эми Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жамгыр жаап, абанын температурасы +11…+13, Ош шаарында +12…+14 градуска жетет.



