Коом

Кар жаап, туман түшөт. 2-январга карата аба ырайы

2-январда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаап, туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде -1…4, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 2…7, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…5, Нарын аймагында -1…-6 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада 0…2, Ош шаарында +4…+6 градусту көрсөтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button