Окуялар
УКМК: Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кызматкерлери студенттерден мыйзамсыз акча талап кылганы аныкталды

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын алкагында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталган.
Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
Аталган университеттин кафедра башчыларынын бири “О.Б.С.” жана методикалык лаборант “Ш.Ж.Б.” экзаменге баа жана академиялык карыздарды жабуу үчүн студенттерден мыйзамсыз акча талап кылышкан.
Учурда бул факты боюнча мыйзамсыз аракетке катышкан башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Учурда “О.Б.С.” жана “Ш.Ж.Б.” жумуштан бошотулду.


