Индиянын Салки айылында 10 жаштагы баланы маймылдардын тобу тытып салган. Баланы сактап калууга мүмкүн болгон жок, деп билдирет Daily Star басылмасы.
Кабарларга караганда, 10 жаштагы Дипак Такор достору менен сыртта ойноп жүргөндө, ага маймылдардын тобу кол салган. Маймылдар баланы ушунчалык тытып кылгандыктан, аны сактап калууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон эмес.
«Аны ооруканага алып келгенде, өлүмдү каттадык. Баланын ичегилери үзүлүп кеткен», — дешкен жергиликтүү оорукананын дарыгерлери.



