Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосуна ымыркай табылганы айтылып, окуянын видеосу тараган.
Ымыркайдын Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шаардык төрөтканалардын бирине өткөрүлгөнү да айтылат.
Ал эми ымыркайды төрөтканага алып барган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Толкунбек Ташматов окуя болгонун тастыктады. «Бизге ымыркай жатат деген маалымат түшкөндө бардык. Абалы начар болчу. Дене табы түшүп кетиптир. Оозунда кагаз болгону чын. Азыр дене табы калыбына келди дешти. Бир аз кечирээк болгондо чарчап калмак экен. Уул баланы 2-төрөтканага алып бардык»,- деди ал.