Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн браконьерлер кармалышты — ФОТО

17-ноябрь күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында Түп айылынын жанындагы көл жээгинде мыйзамсыз балык уулоо учурунда жергиликтүү эки тургун кармалган. Далил зат катары алардан 2 үйлөтмө кайык жана 7 даана балык уулоочу торлор алынган, ошондой эле окуя болгон жерге Түп РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чакырылган болчу.

Түп РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя орун алган жерге баратканда, алардын жолун 5-6 унаа торошуп, унаалардан 10дон ашык чыккан жарандар милиция кызматкерлерине өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кыла башташкан. Милиция кызматкерлери мыйзамсыз аракеттерди токтотууну талап кылганына карабастан, алар өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин токтотбостон, оозга алгыс сөздөр менен милиция кызматкерлерин сөгүшүп, активдүү каршылыктарды көрсөтүшкөн.

Аталган факт Түп РИИБдин КБРне катталып Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеснин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган окуянын катышуучулары аныкталып, тергөө кызматына алынып келишкен. Алар Түп айылынын тургундары 22 жаштагы Б. Д., 25 жаштагы К.К., 31 жаштагы Т. Н., Ж.Т., Б.Т., 39 жаштагы А. Д., 36 жаштагы И.Р., 29 жаштагы А.У., 36 жаштагы К.М., 35 жаштагы К.Р., 27 жаштагы К.С. жана 30 жаштагы К. Н. болуп чыгышты. Алардын жетөөсү сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Түп РИИБдин УКЖга киргизилди.

Кечиктирилгис тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда кармалган төрт жарандардын үйүнөн 28 балык уулоочу торлор, 37 ар кандай түрдөгү балыктар жана 1 үйлөтмө кайык табылып, далил зат катары алынды.

Түп райондук сотунун чечими менен 6 кармалган шектүүлөргө карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button