Коом
Теңиз Бөлтүрүккө өкүм чыкты. Ал 800 миң сом айып төлөйт

Биринчи Май райондук соту аны 800 миң сом айып төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарды. Ал буга чейин үй камагында болчу. Ошондой эле камакка алынган банктык эсеби да өз колуна тийди.
Бөлтүрүк “Кумтөр” ишканасына келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 10 млн. сом төккөнү белгилүү болду.
Сот прокурор менен айыпталуучунун ортосунда күнөөсүн мойнуна алуу тууралуу макулдашуу болгонун айтып, мындайда ал камалбай турганганын белгиледи.
Бөлтүрүк 2022-жылы сентябрда кармалган. Анда Кумтөрдү башкарып жатканда 1,1 млрд сом зыян келтиргени айтылган. Быйыл жазда бийлик ал башка шектүүлөр менен кошо 831 млн сом кайтарганын билдирген. Ошондон улам тергөө абагынан чыгарылган.



