Дастан Бекешев баштаган депутаттар тобу 2030-жылга чейин тыюу салбай турууну демилгелеген. Алардын айтымында, оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта айдоого тыюу салуу жөнүндө ченем 3 жылдан бери күчүндө болсо да, иш жүзүндө аткарылган жок. Андыктан элдин социалдык абалын эске алуу керек.
Бирок эл өкүлдөрүнүн көбү бул мыйзам долбооруна каршы чыгып четке какты.



