Коом
Кадамжайда тоодон кулап, бутун сындырып алган жаранга куткаруучулар жардам көрсөттү

Куткаруучулар Кадамжайда тоодон бутун сындырып алган жаранга жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Эки-Даван жайлоосуна 43 жаштагы жаран аңчылыкка барып, тоодон кулап, бутун сындырып алып түшө албай калган.
Жерине 11 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды тоодон алып түшүп, Айдаркен шаардык ооруканасына жеткиришкен.



