Коом
Жалал-Абадда чакымчыл маалыматтарды тараткан 70 жаштагы аялга сот өкүмү чыкты

Жалал-Абад шаардык соту бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого айыпталган 70 жаштагы Салия Таштановага өкүм чыгарды. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, ал күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыппул салынды. Соттун өкүмү күчүнө киргенче Салия Таштанованын үй камагындагы бөгөт чарасы өзгөртүлбөйт.
Эскерте кетсек, Таш-Көмүр шаарынын тургуну Салия Таштанова — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чакымчыл маалыматтарды видео аркылуу тараткан. Кийин 17-октябрда УКМК тарабынан кармалган.



