Коом

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн Бишкектин Туңгуч кичи районундагы №5 ҮМБнын №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында уюштурулган “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылышы болду. Иш-чараг саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр өз сөзүндө №4 ҮДТда мамлекеттик дарыкананын ачылышы бул райондун калкынын сапаттуу дарыларга арзан баада жеткиликтүүлүгүн жакшыртаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Тунгуч кичи районундагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №4 ҮДТсу 25 миңден ашык калкты тейлесе, анын 10 миң 664ү 14 жашка чейинки балдар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button