Коом
Нарында жаш өспүрүм агасынын автоунаасын айтпай айдап чыгып, аялды өлтүрө сүздү деп шектелүүдө
Окуя 21-ноябрда, окуучунун ата-энеси шаарга кетип үйдө жалгыз калганда болгон.
Ал Нарын шаарынын Жаңы-Жол көчөсүнө бурулуп жатып автоинспекторду көрүп, катуу ылдамдыкта качкан. Бул учурда жөө келе жаткан 41 жаштагы аялды сүзүп жолдон чыгып, андан кийин трансформатордун бетонун сүзүп токтогон. Тилекке каршы, аял жеринде көз жумган.



