ИИМ КИББ: жеке компаниянын өкүлдөрүнөн акча талап кылган жаран кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын Үчүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, жеке фирманын өкүлдөрүн коркутуп, ири өлчөмдө акча талап кылып жүргөн жаран кармалды.
Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында ички иштер органдарына жеке фирманын өкүлү кайрылып, айрым адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүү жана опузалоо фактылары болуп жатканын билдирген.
Кайрылууда, узак убакыттан бери аларга өзүн коррупцияга каршы элдик көзөмөл коомунун мүчөсүмүн деп тааныштырган адам келип, жергиликтүү жаштарды алып келип, толук кандуу иш алып баруусуна жол бердирбей койом деп, коркутуп-үркүтүү жолу менен акча каражаттарын алып турган жана болжол менен алты айдын ичинде опуза талап кылып 680 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгын, опузалоо дагы деле уланып жатканын билдирген.
Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде, Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш иштин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү катары Алай районунун тургуну 1964-жылы туулган М.Ч. кармалган. Кармалган жаран Кара-Суу райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



