Коом
Караколдо аскер кызматкерлерине ипотекалык батирлерди тапшырды

Бүгүн, 1-октябрда Каракол шаарында 40тан ашык аскер кызматкерлерине ипотекалык батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматкери билдирди.
Маалымат боюнча, батирлердин ачкычын коргоо министри Руслан Мукамбетов тапшырды.


Ал эми, салтанаттуу иш-чарага Каракол шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек, аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты.
Иш-чаранын соңунда коргоо министри батирлер менен таанышып, аскер кызматчылардын үйүнөн даам сызды. Бул турак жайларды аскер кызматчылары «Менин үйүм» мамлекеттик программасынын алкагында алышты.



