Коом

УКМК: Чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштуруу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, экс-акимдин үйүнүн бирине жана ири ишкер «Б.К.А.» (Ак Суу базарынын ээси) аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. 

Такталгандай, «Б.К.А.» уюшкан топтун курамында бул кылмыштуу ишке катышып, тактап айтканда, сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече жолу колдонгондугу аныкталды.

Топтолгон материалдардын негизинде, 2023-жылдын 30-ноябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Б.К.А.» кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button