Коом

Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке экспорттоло баштады

Нарын менен Ысык-Көл облусунда өстүрүлгөн картошка Өзбекстанга экспорттоло баштаганын Кыргызстандын аталган өлкөдөгү соода өкүлчүлүгү кабарлады.

Өкүлчүлүктүн башчысы Алмаз Темирбековдун айтымында, картошка жүктөгөн алгачкы фуралар Ташкент шаарына жетти.

Жалпысынан 1000 тонна картошка жөнөтүү макулдашылган.

Эске салсак, буга чейин Экономика министрлиги эки облуста өстүрүлгөн картошка коңшу мамлекетке экспертизадан өткөн соң экспорттоло баштаарын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button