Коом
Ысык-Көлдө эки тоок фабриканын курулушу башталды

Бул долбоорго Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду $9,3 млн бөлдү.
“Агро Куш” компаниясына өндүрүштүк кубаттуулугун көбөйтүү үчүн $1,3 млн жеңилдетилген кредит берилди. Фабрикада жылына 20 миң тонна тоок эти чыгарылып, кошумча 110 жумушчу орун пайда болот. Курулуш үчүн мамлекет тарабынан 38 гектар жер 49 жылга бөлүнгөн.
«Евразия» тоок фабрикасына $8 млн берилди. Мамлекеттик колдоо катары ишканага 64 гектар жер 49 жылга бөлүндү.
Былтыр өлкөдө 10 миң тонна тоок эти (өлкөнүн керектөөсү 55 миң тонна) өндүрүлгөн. Өкмөт аталган долбоорлор ишке ашкандан кийин Кыргызстан өзүн-өзү толугу менен камсыздап каларын айтууда.



