Коом

Саламаттыкты сактоо министри КРВИ менен грипптин күчөшүнөн улам балдар үчүн кошумча орун даярдоону тапшырды

Шаардагы №3 балдар ооруканасында 30 орун даярдалат.  Ал жакта үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун педиатрлары кезектешип иштешет. Күчөтүлгөн тартипте иштөөгө 2-3-курстун ординаторлору тартылат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 30 орун даярдалып, кошумча 10 медик бөлүнөт.

Чүй облустук ооруканасынын балдар бөлүмүндө 45 орун даярдалат.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун алдындагы күндүзгү стационарлар дүйшөмбүдөн жумага чейин эки сменде саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Дем алыш күндөрү саат 14:00гө чейин дарыгерлер нөөмөттө болушат.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button