Бишкекте Ош базарынын аймагынан телефон уурдады делген аял кармалды — ВИДЕО

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
2023-жылдын 29-сентябрында, Бишкек шаарынын Ленин РИИБге А.Ш. аттуу жаран белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү болжол менен саат кечки 18:00 чамасында Ош базарынын аймагында 10 миң сом турган «Samsung GalaxyJ6» маркасындагы уюлдук телефононун сырткы кийиминин чөнтөгүнөн жашыруун түрдө уурдап , андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.
Аталган факт боюнча, Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205- ( Уурдоо ) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары учурунда Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан «өзүнүн чөйрөсүндө «Малышка» аты менен таанымал болгон 1979-жылы туулган Э.Г. аттуу шектүү аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген.
Видеону бул шилтемеден көрсөңүздөр болот:
https://www.youtube.com/shorts/RSCSMoonGSs?feature=share
Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.



