Сулуулар сынагынын финалисти айымдарды алдап, пластикалык хирург болуп жүргөн

Индонезияда өлкөдөгү эң сулуу аялдардын бири деп саналган Дженни Рахмани Фитри лицензиясыз олуттуу косметологиялык операцияларды жүргүзгөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу Colombia One басылмасы жазды.
Фитри 2024-жылдагы улуттук сулуулар сынагынын финалисти катары белгилүү болгон. Полициянын маалыматына караганда, ал 2019-жылдан бери өзүн пластикалык хирург катары көрсөтүп жүргөн. Кыз аялдарды чоң арзандатуулар менен клиникасына чакырып, жасалма сертификаттарды көрсөтүп, акча алып, кийин алардын жүзүн бузуп салган.
Фитриге карата иликтөө кардарларынын биринин арызынан кийин башталган. Ал мурдагы сулуулар ханышасы өзүнө бет тарттыруу операциясын жасаганын билдирген. Операциядан кийин анын бети катуу канап, бир аз убакыт өткөн соң бетиндеги жаралары ириңдей баштаган. Ошондон баштап анын башында чач өспөй калган тырыктар пайда болгон.
Кийинчерээк полицияга Фитриден жабыркаган дагы 15 аял кайрылган. Апрель айынын аягында ал өз үйүндө кармалган.
Сынактын уюштуруучулары кызды Риау провинциясынын эң сулуу айымы деген наамдан ажыратып, анын атын финалисттердин тизмесинен алып салышты.



