Пайдалуу кеңештер

Сууктан кантип сактануу керек? Эрежелерин билип алыңыз

Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, жолдордо муз тоңуп, кыштын чыкыроону башталды. Өлкөдө мындай абал бир нече күн кармалаары маалым. Андыктан мезгилдин кычыраган суугунан сактануу эрежелерин так сактайлы.

ӨКМ сууктан сактануунун эрежелери менен бөлүштү:

  • Эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан-тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл. Ызгарга туруштук берүү үчүн сыртка чыгарда жакшылап тамактаныңыз. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат.
  • Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан-тамырлардын ичкерүүсүнө алып келип, кан айланууну басаңдатат. Андыктан алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан алыс болуңуз.
  • Абанын температурасы -15 градустан төмөндөгөн учурда үшүккө алдыруудан сактануу үчүн денеңизге кам көрүңүз.
  • Жылуу кийинуу, нымга туруктуу кийимдерди колдонуу сыяктуу коргонуунун алгачкы эрежелерин сактайлы.

ҮШҮК АЛУУДАГЫ БИРИНЧИ ЖАРДАМ

Дененин үшүк алуусу төмөнкүчө байкалат:— адамдын денесинин үшүк алган бөлүктөрүнүн сезгичтиги жоголот жана ачышуу, сайгылашуу сезимдери пайда болот.Үшүктүн 3 даражасы бар:

  1. үшүк алган тери кубарып кетет;
  2. денеде ыйлаакчалар пайда болот;
  3. дененин үшүк алган бөлүгүнүн көгөрүүсү.

Экинчи жана үчүнчү даражадагы белгилер пайда болгон учурда үй шартында дарыланбастан, токтоосуз дарыгерге кайрылыңыз. Биринчи даражадагы үшүктүн белгилери байкалса, үшүк алган жерге калың марли же пахта коюп, клеенка менен таңуу сунушталат.Үшүк алган кол-бутту ванна кабыл алуу менен да жылытса болот. Суунун температурасын +20 градустан жогорулатуу менен +40 градуска чейин жеткирүү зарыл. Андан соң ысык чай же суусундук ичип, жылууланып жатыңыз.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button