Коом
Бишкекте төрт күндө 21 фастфуд жайы жабылды

Октябрдын башынан бери 71 жай текшерилип, 931 миң сомдук айып салынганын Санэпидкөзөмөл билдирди. Рейддер уланууда.
Тез татым жайларын текшерүүнү Саламаттык сактоо министрлиги адамдардын уулануусунан кийин демилгелеген. Ооруканага кайрылгандардын саны 70тен ашты.



