Коом

ИИМ КИББ: Баткен облусунун тургунунун баңги кылмышына катыштыгы бар экендиги аныкталды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда кармалган адамдын башка кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Ыкчам кызматкерлер тарабынан Баткен облусунун аймагында баңгизаттарды сактоого жана сатууга башка бир адамдардын катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө маалымат толугу менен тастыкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы билдиргендей, жогорудагы кылмышка Баткен облусунун тургуну, мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1992-жылы туулган жаран И.Кнын катыштыгы болгон.
Буга чейин, бир нече жума мурда ал ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан опузалап талап кылуу менен байланышкан башка кылмыш жасаган деген шек менен кармалган.
Ал, Ош облусунун тургунуна кысым көрсөтүп, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен 500 миң сом акча каражатын опузалап талап кылып, аталган акча каражатынын 166 миң сомун накталай опузалап алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда ал тергөө абагында камакта, кылмыш иштер боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button