Коом

Жыл башынан бери акча алмаштыруу жайларына 1,6 млн сом айып салынды

Быйыл 11 айдын ичинде текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 71 акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы токтотулуп, үч алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Мындан тышкары, 29 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып салынып, 100 жеке адамга 17,5 миң сом (жалпы сумма 1,7 млн ​​сом) өлчөмүндө айып салынган. Жалпы сумма 1,6 млн сомду түзгөн. 

Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргызстандын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурларда, Улуттук банк лицензияны жокко чыгарып, тиешелүү чараларды колдонот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button