Коом

Дагы бир банк Баткенде чек арада жабыркагандардын карызын жойду

«Дос-кредобанк» чек арадагы окуяда жабыр тарткан жарандардын насыясын жойду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, аталган банк, Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда, турак жайлары өрттөнүп кеткен үч жарандын насыясын кечти. Дагы эки жарандын насыясынын пайыздары жоюлуп, төлөө мөөнөтү узартылды.

Андан тышкары, банк тарабынан аймакта жабыркаган жарандарга 300миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button