Кадамжай районунда милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн курулушуна мезгил кутучасы салынды

Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылына милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн курулушу башталып, пайдубалына мезгил кутучасы салынды.
Бул иш-чарага Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Болоткан Баяке уулу, Кадамжай РИИБдин башчысы милициянын полковниги Болотбек Кундузов жана ошол айылдын жергиликтүү кадырман аксакалдары, жашоочулары катышты.
Бул милициянын айылдык бөлүмчөсү заманбап типте эки кабат болуп курулуп, 16 кеңсе бөлүмдөн жана кызматкерлер үчүн жуунучу, эс алуучу жайлары каралып, шарттар толугу менен мерчемделген. Ошондой эле бул милициянын айылдык бөлүмчөсүндө милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү үй-бүлөсү менен жашаганга да толугу менен шарттар каралган.
Исхак-Полотхан милициянын айылдык бөлүмчөсү Исхак-Полотхан жана Молдо-Нияз айыл аймактарын, жалпысынан 30 миңден ашуун калктын коопсуздугун тейлеп, жарандарды кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барат.
Курулуш Кыргыз Республикасынын ИИМдин демилгеси менен башталып, Кыргыз Республикасынын ИИМне караштуу Курулуш монтаждоо башкармалыгы колго алган.




