ИИМде «Бетме-бет» гезитинин 90 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, Ички иштер министрлигинин жыйындар залында «Бетме-бет» гезитинин 90 жылдык юбилейдик мааракеси белгиленди.

Аталган салтанаттуу иш-чарага Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, ИИМдин «Бетме-бет» гезитинин башкы редактору милициянын полковниги Нармырза Калыбаев, ошондой эле ИИМдин ардагерлери, ИИМдин өздүк курамы жана башкалар катышты.

Иш-чаранын ачылышында Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов куттуктоо сөзүн сүйлөп: «ИИМдин «Бетме-бет» гезитинин өздүк курамын 90 жылдык юбилейдик мааракеси менен куттуктады.

“Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн кеңири жана ар тараптуу чагылдырып, кызматкерлерге мыйзамдарды, буйрук көрсөтмөлөрдү толук жеткирүү, жаш кызматкерлерди кесиптик чеберчиликке тарбиялоодо жардам көрсөтүү, аларды патриоттуулукка, жогорку маданиятуулукта иш алып барууга, кыраакылыкка үндөөнү колго алды. Албетте, газетаны окурмансыз элестетүүгө эч болбойт. Биздин негизги окурмандарыбыз милиция кызматкерлери ошол эле учурда газетанын негизги таянычы. Сүйүктүү гезитибиздин 90 жылдык мааракеси менен баарыңыздарды куттуктаймын”,- деди Адылбек Бийбосунов.



