Коом

ИИМдин ардагерлери президенттин колунан сыйлык алышты

2023-жылдын 28-декабрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн сыйлыктарды тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзгөчө салымы үчүн мурдагы ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков менен ИИМдин Катчылыгынын башчысы милициянын полковниги Абдиш Коомбаевге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.


Бул иш-чарага Кыргызстандын көрүнүктүү өкүлдөрү, ар кыл тармакта эмгектенген инсандар чогулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен сыйланышты:

  • III даражадагы «Манас» ордени менен коомдук ишмер, мурдагы ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков;
    -«Даңк» медалы менен ИИМдин Катчылыгынын башчысы милициянын полковниги Абдиш Коомбаев.
    Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбековду жана ИИМдин Катчылыгынын башчысы, милициянын полковниги Абдиш Коомбаевди мамлекеттик сыйлыктарды алышы менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, бакубат жашоо жана жакшы маанай каалайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button