Коом
Баткенде бүгүн 9 объектинин ачылышы болот. ТИЗМЕ

Баткенде бүгүн, 30-декабрда, бир катар объектинин ачылыш аземи өтөт. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Алар төмөнкүлөр:
Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы «Булак-Башы» орто мектеби;
Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы «Лейлек» орто мектеби;
Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы «Алга» орто мектеби;
Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана;
Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы тигүү цехи;
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы тигүү цехи;
Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы Т.Мадарипов атындагы орто мектеби;
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы оорукана;
Баткен шаарындагы мал базар.
Аталган объектилердин ачылуу салтанаттары онлайн жана офлайн режиминде өтмөкчү.



