Коом
Кыргызстанда колбаса азыктарын өндүрүү көбөйдү

Кыргызстанда колбаса азыктарын өндүрүү артты. Бул тууралуу «Акчабар» маалымат порталы жазды.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр өлкөдө 15 миң 275 тонна колбаса өнүмдөрү чыгарылган. Ал 2022-жылга караганда 48,4%га көп. Ал жылы Кыргызстанда 10 миң 290 тонна колбаса азыктары өндүрүлгөн.



