Коом

Кадыр Досонов («Женго») каза болду деген маалымат жалган

Кылмыш чөйрөсүндө «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов каза болду деген маалымат жалган. Бул тууралуу “Reporter.kg» маалымат булагы  Жазаларды аткаруу кызматынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Буга чейин социалдык тармактарда «Женго» каза болгону тууралуу сөздөр жаңыра баштаган. Жазаларды аткаруу кызматы аталган сөздөрдү төгүндөп, Досонов тирүү экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 13-январга караган түнү Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү киши колдуу болуп, бири арматура менен катуу сабалган. Аталган кылмыштын уюштуруучусу катары Кадыр Досонов кармалган.. Ал ошондон бери Оштогу тергөө абагында камакта отурган.

Былтыр ноябрь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кадыр Досонов Оштон Бишкектеги тергөө абагына которуларын билдирген. Учурда ал №1 тергөө абагында отурганы белгилүү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button