Кыргыз элчиси беларусиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Минскте «Беларусь-Кыргызстан» форматында бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Минскте өткөн Беларус ишкердик жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрбол Султанбаев беларусиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш-чара кыргыз-беларус соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын ортосунда түз байланыш түзүү максатында уюштурулган.
Жолугушууга парламенттин депутаттары жана Беларустун Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле айыл чарба, туризм, текстиль, курулуш, медицина, мунай жана оор өнөр жай, ошондой эле IT тармагындагы компания жетекчилери катышты.
Элчи Эрбол Султанбаев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берип, кызматташуунун келечегин талкуулап, беларусиялык ишкерлерди өлкөдө биргелешкен бизнес долбоорлорун ишке ашырууга чакырды.
Жолугушуу жандуу диалог форматында улантылып, элчи беларусиялык бизнес өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Катышуучулар Кыргызстандын туристтик потенциалына арналган көргөзмөгө өзгөчө көңүл бурушту, ал делегаттарга туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө жана бул жааттагы биргелешкен долбоорлор боюнча идеялар менен алмашууга мүмкүндүк берди.



