Окуялар

УКМК: Алдамчылык жасап, салык төлөөдөн качкан Жалал-Абаддагы соода-базар комплексинин ээси кармалды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

И.Н.А. бир нече жылдан бери соода түйүндөрүнүн ижарачыларынын оор абалынан пайдаланып, ижара акысын системалуу түрдө бир тараптуу жогорулатып, макул болбогон ижарачыларды ортодогу келишимди бузуу коркунучу менен алар төлөгөн ижара акысынын иш жүзүндөгү баасын жашырууга мажбурлаганы аныкталды. Ошентип, ал салык отчетторунда азайтылган ижара суммаларын көрсөткөн. Бул жагдайлар боюнча КР УКМКга соода түйүндөрүнүн ижарачыларынан бир нече жамааттык кайрылуулар келип түшкөн.

Узак убакыттан бери жүрүп жаткан схемадан улам айыпталуучу И.Н.А. соода түйүндөрүнүн ижарачылары менен салык органдарынын ортосунда ортомчу болуп, соодагерлер тарабынан төлөнгөн салык төлөмдөрүн алдоо жолу менен өзүнө ыйгарып турган.

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында, жеке кызыкчылыгын көздөгөн аракеттердин жана туруктуу коррупциялык схеманын натыйжасында базардын ээси мамлекеттик бюджетке 10 000 000 сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (“Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу”) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Президентинин “2024-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” Жарлыгынын бардык талаптарын сактоо менен козголгон, анткени ишкердик жүргүзүүчү субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун конкреттүү фактылары аныкталган.

Кармалган И.Н.А. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button