Коом
Коронавирус. Кыргызстан боюнча жуктургандар көп, 4 бейтап каза тапты

Өлкөдө акыркы суткада 582 кишиден коронавирус табылып, 4 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 63;
- Ош — 59;
- Чүй облусу — 81;
- Ош облусу — 127;
- Талас облусу — 17;
- Нарын облусу — 7;
- Ысык-Көл облусу — 29;
- Жалал-Абад облусу — 86;
- Баткен облусу — 113.
Марттагы пандемиядан бери 54 588 киши коронавируска кабылды.
Учурда стационарда 3 139 бейтап дарыланууда, ал эми 2 719 киши амбулатордук түрдө жардам алып жатат.
Инфекция жуктуруп каза болгон төрт киши:
- Баткен облусунда – 1;
- Бишкек шаарында – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ош облусунда – 1.
Кыргызстан боюнча коронавирус менен пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 1126 адамга жетти.



