Коом

Жогорку Кеңеш интернет баракчасын, телестудиясын 3,7 млнго жаңылады

Жогорку Кеңештин интернет баракчасы жаңыланды. Бүгүн парламентте анын бет ачары өттү.

Сайт, телестудия жана пресс-залды оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө бюджеттен 4 миллион сом каралып, анын 3 миллион 700 миңи сарпталды.

Парламенттин иш башкармалыгынын башчысы Алай Алымбековдун айтымында, алдыда дагы бир долбоор ишке ашырылат. Анын алкагында жыйындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы заматта сайтта көрсөтүлөт.

«Бул долбоор 2026-жылдын башында ишке ашат. Ошондо биздин интернет баракча мындан дагы жакшырат»,- дейт ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button