Коом

Кумар оюндарынын баары бир жерде ойнотулат. Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алды

Оюн автоматтарын, букмекердик контора жана тотализаторлордун баарын бир жерге жайгаштыруу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды. Тагыраагы, аны Жогорку Кеңеш үч окууда жактырып, президенттин кароосуна жөнөттү.

Мыйзам күчүнө кирсе аталган кумар оюндары казионун ичинде гана иштетиле турган болот. Аны өз алдынча уюштура алышпайт.

Депутат Дастан Бекешев бул демилге казино ээлеринин монополиясына алып келерин айтып, сындады.

«Букмекердик контора, тотализатор, оюн автоматтарын иштеткендер казиного барып кеңсесин ижарага алат. Силер казиночуну ижарадан акча табууга шарт түзүп жатасыңар. Анан да мамлекеттин эмес, казиночунун көзүн карап калышат. Силер тынбай эле оюн эрежесин өзгөртө берсеңер кайсы инвестор ишенет? Казино ачып пайда таба албай калгандарга кошумча киреше булагын киргизип берип жатасыңар», — деди Бекешев.

Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров мындай кадам көзөмөлдү күчөтүү жана Кыргызстандын жарандары кирип кетишине жол бербөө максатында жасалып жатканын айтты.

Натыйжада 57 депутат макулдугун билдирип, 9у каршы болуу менен мыйзам колдоо тапты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button